• формат pdf
  • размер 9,31 МБ
  • добавлен 03 декабря 2015 г.
Сыдыкова Кален. Кыргыз тарыхы
(б.з.ч. жана б.з) — Кошумча окуу китеп. Илимий тарыхый эмгек — 3-басылышы — Б.: Бийиктик, 2007. — 800 б. — ISBN 978-9967-13-257-3.
История киргизов ( до н.э. и в н.э) — Дополнение к учебнику. Научно-исторический труд — 3 изд. — Бишкек: Бийиктик, 2007 — 800 с.
Бул китепте байыркы кыргыздардын тарыхый жолу, Оң, Сол, Ичкиликке бөлүнгөн толгон учуру, ээлеген жерлери, жашоо шарттары, каада-салттары жана башка элдерге тийгизген орчундуу таасирлери жөнүндө айтылат. «Кыргыз тарыхында» элибиздин хунн атка конуп кытайлар менен далай чабышкандары, «скиф» деген ат менен дүңгүрөгөн байыркы кырым кыргыздарынын, «шумер» аталып өз ата-журтунан оогон Месейилдик илгерки уруулар, биздин заманга чейинки доорлордо Америкага тентип тербиген түптүү калк «индеецтер», IV-V кылымдарда Европаны чаап дүйнөлүк тарыхта Оң (гунн) деп даңазаланган эзелки кыргыздар, калмак (ойрот) моңгол, цин манжур менен ата журт үчүн салгылашкан жана Кокон хандыгы, Орус падышачылыгы тушундагы кыргыздар жөнүндө тарыхый маалыматтарга, далилдерге таянып, тарыхчылардын, илгерки изилдөөчү-окумуштуулардын эмгектеринин, кыргыз санжырасынын, «Манас» эпосунун, айрым жеке пикирлердин негизинде сөз болот. Кыргыз көчмөн империясы жөнүндөгү бул китеп калайык калкка, жалпы жаштарга, тарыхка кызыккандарга сунушталат.
Похожие разделы