Книги для детей
  • формат djvu
  • размер 3,24 МБ
  • добавлен 29 октября 2014 г.
Гүлжан Рабия (жазган). Дубаларымды үйрөнөмүн
Анкара: Түркия республикасы Дин иштери башкармалыгынын чыгармалары, 2008. — 80 б. ISBN 975-19-4059-1
Бизди өз койнунда жашаткан табият энебиз жаратылышындагы бардык жан-байлыгы менен улуу Жаратканыбыздан жардам тилеп, дуба кылаарын билесиңерби? Мисалга алсак, бакдарактар гүлдөп жатканда дуба кылат. Дарыялар чалкыган деңизди көздөй чамынып агып жатканда дуба окуйт. Канаттуулардын кубулжутуп сайраган үндөрү да өзгөчө бир түрдөгү дуба болуп эсептелет. А эмне үчүн адамдар мындай керемет дуба оркестрына кошулушпайт? Келгиле, ыйык табият эненин ошол муукамдуу дубасына биз дагы кошулалы. Чалкыган деңиздердин, оргуштаган дайралардын, бак-дарактардын, гүлдөрдүн ошол керемет дуба хорун биз да коштойлу. Бизге ушундай толгон-токой ырыскы-байлык ыроологону үчүн Аллага шүгүр дейли. Бизге табияттын ушунчалык татына табериктерин тартуулаганы үчүн Ага ыйман келтирип, тооп кылалы. Ата-энелерибиз, ага-туугандарыбыз, курбу-курдаштарыбыз жана жер үстүндө болуп жаткан түшүнүксүз коога-согуштарда аянычтуу абалдарда калган наристе балдар үчүн дуба окуп, тилек тилейли. Мекенибиз, улутубуз үчүн дуба кылалы. Кечкисин жуурканыбызга кирип уктаар алдында быйтыгый алакандарыбызды жайып жакшы тилектерибизди айталы. Эртең менен уйкудан ойгонгондо дуба кылалы. Тамак жеп бүтүп дасторкондон турарда дуба кылалы. Жаратканыбыздын бизге берген ырыскылары үчүн ыраазычылык билдирип шүгүр кылалы.