Языки и языкознание
  • формат pdf
  • размер 8,64 МБ
  • добавлен 09 октября 2014 г.
Лүтфи Шентүрк. Ислам илмихали (Ислaм дининин өкүм-жоболору)
Анкара: Түркия Республикaсы Дин иштери бaшкaрмaлыгы Диний жарыялар бөлүмү башчылыгы, 2010. — 591 б. ISBN 978-975-19-4902-8
Ислам дининин өкүмдөрү жана негизги принциптеринин түпкү максаты – адамдын бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу болушун камсыз кылуу. Динибиз бизге бак-таалайдын чыныгы жарык жолун көрсөтүп, милдеттерибиз менен жоопкерчиликтерибизди белгилеген. Ал бак-таалайга жетүү – ошол жооптуу болгон милдеттерибизди орундатышыбызга байланыштуу. Бул болсо туура жана жетиштүү деңгээлде диний маалыматка ээ болушубуз аркылуу ишке ашат. Билбөө динибизде орундуу себеп эмес. Адам билбейм деп айтуу менен жоопкерчиликтен кутула албайт. Анткени эң алгачкы буйругу Оку! болгон динибиз илим-билимге ээ болууну ар бир мусулманга парз кылган. Ушул себептен бир мусулмандын эң башкы милдеттеринин бири – динибизди жана дүйнөлүк жашоодо керектүү болгон маалыматтарды туура үйрөнүү.
Похожие разделы